Menu

Бишкек менен Ирандын ортосунда түз авиакаттамдарды жандандыруу маселеси талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Артыкбаев Иран Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгына байланыштуу суроолордун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жана жакын арада эки борбордун ортосунда түз авиакаттамдарды жандандырууну талкуулашты.

Эки тараптуу мамилелер системасындагы биргелешкен кыргыз-иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн белгилеп, тараптар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга түрткү берүүчү атайын Биргелешкен комитет түзүү маселесин талкуулашты.

Ирандын Элчиси тышкы иштер министринин орун басары А.М.Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: