Menu

Видео – Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу: “Жанар Акаевдин абактагы Фарид Ниязовду камактан чыгаруу тууралу суранганы – бул өзү кылмыш”

Бөлүшүү:

“Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын журналист Нарын Айып менен болгон маегинин стенограммасы:

Төлөйкан Исмаилова: Бүгүн адам укугу жана эркиндигинин эң жогорку стандарттарын элге көрсөтө турган, бул багыттагы эл аралык стандарттарды, милдеттенмелерди кармана турган мыйзам чыгаруу бийлиги тескерисинче адам укугу менен эркиндиктерин бузуп жатышат. Депутаттар эки жүздүү саясат оюндарын жүргүзүшүүдө, бүгүн эле биз алардын түрмөдөн кимди тез чыгарыш керек: Атамбаевдиби же Фарид Ниязовдубу же дагы бир досторунбу деген кош жүздүү талашын көрдүк…

Нарын Айып: Баса, бүгүн парламентте депутат Жанар Акаев башкы прокурордон түрмөдөгү Фарид Ниязовду бошотууну суранды.

Төлөйкан Исмаилова: Бул дагы кылмыш кайсы бир деңгээлде, анткени Жанар Акаев мындай билдирүү жасабаш керек эле, депутаттар өз жасаган кылмыштарына али мыйзам алдында жооп бере элек саясатчыларды абактан бошотууну суранбаш керек. Анын ордуна депутаттар соттолуп, түрмөлөрдө олтурушкандар боюнча “Манделанын принциби” боюнча ойлонушса болмок. “Манделанын принциби” деген эмне экенин алар жакшы билишет. Депутаттар абактарда соттолуп олтургандардын тизмесин, маалыматтар базасын билиши керек: балалуу энелерди, рак оорусу менен ооругандарды, 65 жаштан ашкан пенсионерлерди, майда уурулуктардан соттолуп кеткен 18 жашка чейинки балдарды – мына ушуларды биринчи кезекте чыгарыш керек… Биз дайыма мониторинг жасап турабыз, жана СДПК менен Ата-Мекенсиз эле аталган категориядагы адамдар бошотулушу керек экенин билебиз. Эми пандемиянын 3-толкуну менен абактарда өтө коркунучтуу абал жаралды. Түрмөдөгү соттолгондор өздөрү гана эмес, аларды кайтарган түрмөчүлөргө да жугузушат. Тар, жабык камераларда ковид тез көбөйөт. Ошондуктан мен бул депутаттарда кичине бир гумандуулук болсо жана адамдык ар намыс деген эмне экенин түшүнүшсө экс-президент менен Фарид Ниязовдордун аттарын атабай, мына ушул абактардагы аярлуу ооруулуларга көңул бурушун суранат элем. Фарид Ниязов абакта көп болсо 1 жыл олтурду, балким андан да аз, ал эми башкалар түрмөлөрдө көп жылдардан бери олтуруп, ооруп, өлүп жатышат, аларды ойлогон эч ким жок. Түрмөлөрдөгү шарттар эң төмөнкү минималдуу стандарттарга да жооп бербейт. Ал эми Ниязовдор кандай шарттарда олтурушканын угуп жатабыз… Ошондуктан Манделанын принциптерине, стандарттарына туура келген  абактагыларды тезинен бошотуу керек. Мен депутаттардан өтө суранат элем: өзүңөрдүн тигил же бул саясатчыны абактан бошотуу тууралу кызыкдар чакырыктарыңар менен биздин коомчулукту кыжырдантпагыла. Андан көрө Кыргызстанды күтүп турган тобокелчиликтер менен кырсыктардын алдын алуу маселелери боюнча алектенишсин. Анткени мурунку системдүү тобокелчиликтер жоюлбай кала берди, ал эми азыр жаңы тобокелчиликтер жаралууда, муну ар бир депутат жон териси менен сезип турушу керек. СДПК болгонду токтотуш зарыл, анткени ал жакта алар басымдуулук кылып, коомчулук үчүн пайдалуу, керектүү, гумандуу маселелерди чечүүнүн ордуна каяктагы бир элге каршы мыйзамдарды демилгелешет же парламенттин жыйынынын жарым күнүн кайсы бир саясатчыны түрмөдөн бошотуу тууралу талашка жоготушат. Мени түшүнүп жатасызбы? Ал иштер үчүн сот деген бар, атайын процедуралар бар, ал жерде кызыкдар күчтөрдүн тандамал аракети болбош керек, андай аракеттер токтолушу зарыл. Анткени 2020-жылдын октябрь окуяларын эстейли.  Элдин баары мунун баарына чыдабайт, бир күн кыжырданып көтөрүлөт, мына ушул коркунучтуу. Кылмыштардын жазасыз калуусуна каршы реалдуу күрөш керек. Бул күрөш жогорку стандарттардын деңгээлинде болушу зарыл. Толук соттолгонго чейин эле, өз күнөөлөрүн моюнга алып, элден кечирим сурай электе эле саясатчыларды абактан чыгарууну талап кылуу – бул кылмышты жазасыз калтыруу дегендик. Тигине биздин экс Атамбаев абакта олтурат го, өз учурунда өлкөнү өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иш жасабады, ал кайсы бир жолдор менен келечек үчүн иштеш керек эле да, а бүгүн 47-абакта олтурат, ал эми парламенттин баары “аны бошоткула!” деп кыйкырып жатышат, кечирип койгула, ушул да саясатпы? Ушул да саясатпы?! Алардын үстүнөн ачык сот процесстери болуш керек…

Нарын Айып: Баарынан да кызыгы, андай кылмыштарды жасаган адамдар эч кандай күнөөсүн, жоопкерчилигин сезишпей жатышпайбы, өздөрүн периштедей таза көрүп жатышат?

Төлөйкан Исмаилова: Ооба, “кара жащикти” ачпагыла деп жатышпайбы… Кыргызстандын трагедиясы мына ушунда да, саясат олигархтардын жана айрым бетсиз, абийирсиз адамдардын колунда калды, ошондуктан реалдуу реформалар жылбай токтоп жатат. Керектүү, реалдуу реформалар алга жылыш үчүн элге, адамзатка каршы кылмыштарды жасаган саясатчылардан реалдуу тазаланышыбыз керек.

Булак: Нарын Айып

Стенограммасын кагазга түшүргөн: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: