Menu

Өзгөн районунун тургуну 17 жаштагы кызын зордуктоого айыпталууда

Бөлүшүү:

Ош облусунун Өзгөн районунда 17 жаштагы кызды зордуктоо фактысы текшерилип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга Баш-Дөбө айыл аймагынын Кош-Коргон айылынын 45 жаштагы С.М. аттуу тургуну кайрылып, 19-апрелде саат 22:00 чамасында өзүнүн жээни, 17 жаштагы С. кызы М. өз атасы ((45 жаштагы В.С.) тарабынан зордукталганын билдирген. 

Аталган факт КЖБРге КР Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктунун (зордуктоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Сурак учурунда 17 жаштагы жабырлануучу атасы тарабынан зордукталганын тастыктаган. Ал эми атасы бардык айыптарды четке каккан.

Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында анын кыздык белгиси бузулган эмес деген бүтүм чыккан. Бирок бүдөмүк ойлор пайда болбошу үчүн дагы бир экспертиза дайындалган. Учурда соттук-биологиялык экспертизанын бүтүмү чыга элек.

Кыздын апасы Россияда иштеп жүргөнү белгилүү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: