Menu

478 окуучу Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды

Бөлүшүү:

2021-жылдын 24-25-мартында Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй областтарынын областтык борборлорунда республикалык олимпиаданын III этабы болуп өткөн. Олимпиада 17 окуу предмети боюнча болуп, ага жалпысынан 1 976 окуучу катышкан. Бул тууралуу КР БИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаары “кызыл зонага” киргендиги тууралуу билдирүүсүнүн негизинде олимпиаданын IV этабын өткөрүү маселеси COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жыйынында каралган. Жыйынтыгында азыркы шартта массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармануу сунушталган.

COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын сунушу эске алынып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен областтык турда 1, 2 жана 3-орундарга ээ болгон 478 окуучу 2020-2021-окуу жылынын мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жеңүүчүлѳрү деп табылды.

Алардын ичинен биринчи орунду – 155 окуучу, экинчи орунду – 166 окуучу, үчүнчү орунду – 157 окуучу ээледи. 1-орунду багындырган 155 окуучуга I даражадагы дипломдор жана китеп сатып алууга сертификаттар берилет, ал эми 2, 3-орунду ээлеген окуучуларга II жана III даражалардагы дипломдор тапшырылат.

Ошондой эле республикалык олимпиаданын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарга ээ болгон 270 окуучу – 11-класстын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырууда артыкчылыктарга ээ болушат.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайларга сынактан тышкары төмөнкүлөр кабыл алынат:

– үстүбүздөгү жылы Олимпиаданын IV этабында I даражадагы диплом алган мектеп окуучулары-11-класстын бүтүрүүчүлөрү Олимпиаданын предмети дал келүүчү табигый илимдер, гуманитардык, социалдык-экономикалык, медициналык, айыл чарба жана техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга, абитуриенттердин тандоосу боюнча, алардын жалпы республикалык тестирлөөгө катышуусу шартында;

– үстүбүздөгү жылы Олимпиаданын IV этабында II же III даражадагы дипломдорду алган мектеп окуучулары-11-класстын бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан учурда Олимпиаданын предмети профилдүү болгон педагогикалык адистиктерге.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: