Кечээ, 22-апрелде Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери сейрек кездешүүчү жаныбарларды мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөрүүнү көздөшкөндөрдү кармашты. Бул тууралуу УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.
Белгиленгендей, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер аймагында Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери мамлекеттик чек ара тилкесинин жанынан 1972-жылы туулган Т.Н. аттуу жаранга таандык автоунааны көрүшкөн. “Тойота Превия” унаасын текшерүү учурунда, андан 1 жаштан 4 жашка чейинки маралдар табылган. Анын ичинен төртөөнүн мүйүздөрү жулунуп алынган.
Жагдайды тактоо үчүн айдоочу жана жүргүнчү (Өзбекстандын жараны) кармалган. Алар маралдарды Өзбекстанга жеткирүүнү көздөшкөн, бирок айдоочунун тиешелүү документтери болгон эмес.
Учурда беш маралдын базар баасы такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ