Menu

Коопсуздук кеңешинин катчылыгында мамлекеттик органдардын кызматкерлерине киберкоопсуздук чөйрөсүндө квалификацияны жогорулатуу боюнча сертификаттар тапшырылды

Бөлүшүү:

Киберкоопсуздук чөйрөсүндө адистерди даярдоо максатында, 2020-жылы «МИФИ» Улуттук изилдөө өзөктүк университети» жогорку билим берүү боюнча Федералдык мамлекеттик автономдук билим берүү мекемесинин (Россия Федерациясы) базасында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин адистерин окутуу уюштурулган. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Киберкоопсуздук боюнча квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун адистери окуудан өттү.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Коргоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Улуттук банк, КР Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлерине квалификациясын жогорулатуу боюнча сертификаттарын тапшырды.

Ал мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалап, алар алган билим иш жүзүндө пайдалуу болоруна ишенимин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: