Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Баткен облусундагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактаган жана саткан 7 дүкөндү аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 2,5 млн сомдон ашык суммада ар кандай аталыштагы жана идиштеги 15 миң 479 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынды.
Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ