Menu

Өзбекстанда кол салууга кабылган оппозициялык партиянын лидери майда бейбаштыкка айыпталууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда жакында түзүлгөн “Акыйкат жана Өнүгүү” социал-демократиялык партиясынын лидери, профессор Хидирназар Аллакулов “майда бейбаштыкка” айыпталууда.

31-мартта Аллакуловдун үйүнө келип, аны опузалап кеткен белгисиз кишилер сотко кайрылып, профессорду “майда бейбаштыкка” күнөөлөшкөн.

Хидирназар Аллакуловдун иши боюнча алгачкы сот отуруму 21-апрелде өттү. Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылгандар үч же беш базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөп же он беш күнгө административдик камакка алынат.

– Учурда бул кишилер мени акарат келтирүүгө айыптап жатышат. Бирок ал күнү болгон окуя башынан аягына чейин видеого тартылган. Мен ал видеожазууну ички иштер бөлүмүнө бергем, –деди Аллакулов.

Бул арада Хидирназар Аллакуловдун милицияга жазган арызына жооп келе элек.

31-мартта белгисиз адамдардын тобу партиянын лидери Хидирназар Аллакуловго кол салышканы кабарланган. Жыйырмадан ашык киши аны үйүнүн алдынан тосуп алып, андан саясат менен алектенүүнү токтотууну жана партиянын Ташкенттеги ижарага алынган кеңсесин бошотууну талап кылышкан.

Бул арада партия өкүлдөрү бийлик аларга кысым көрсөтүп, партияны каттоодон өткөрүү үчүн кол топтоого тоскоолдук кылып жатканын билдирип келишет.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл октябрь айына белгиленген. Оппозиция шайлоого катыша турганын жарыялаган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

44 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: