Menu

Тажикстандык үй-бүлө Абхазиядан чыгып кете албай жатат

Бөлүшүү:

Тажикстандык үй-бүлө пандемияга байланыштуу чек аралар жабык болгондуктан, Абхазия аймагынан чыга албай жатат. 39 жаштагы Хуршед Мусоев аялы жана эки кичинекей баласы менен дээрлик бир жылдан бери үйүнө кайтууга аракет жасоодо.

Хуршед Мусоев пандемиядан улам жумушсуз калганын, бир жылдан бери оор шартта жашап жатканын айтууда.

«Мен экинчи топтогу майыпмын. Абхазияга иш үчүн келгем. Бирок коронавирустан улам жумушумдан айрылдым, боорукер адамдар мага убактылуу турганга жай таап беришти, аларга ырахмат. Балдарымдын үч жылга берилүүчү тыш паспортунун мөөнөтү бүттү. Учурда өтө оор абалда жашап жатабыз», – деди Хуршед Мусоев.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги бул үй-бүлөнүн мекенине кайтуусуна кол кабыш кылууга убада берген. Эреже боюнча Абхазиядан чыккан жарандар Орусияда кала албайт, алар дароо Тажикстанга кетиши керек.

4-апрелде Тажикстандын Орусиядагы элчилиги дипломаттар Абхазияда калган тажикстандык 17 мигранттын мекенине кайтышына көмөк көрсөткөнүн маалымдаган.

Абхазия 1992-жылы Грузиядан өз алдынчалыгын жарыялаган. Мындай чечим бул аймак менен Тбилисинин ортосундагы куралдуу чатакка себеп болгон. Орусия менен Грузиянын ортосундагы 2008-жылкы согуштан кийин Москва Абхазияны эгемен мамлекет катары тааныган. Бирок Орусиянын мындай чечимин дүйнөдөгү саналуу өлкөлөр гана колдогон. Дүйнөлүк коомчулук, БУУ Абхазияны көз карандысыз мамлекет катары тааныбайт. Тажикстан да Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган эмес. Мындан улам тажик жарандары өзүн республика катары жарыялап алган аймактан Орусияга келүүдө кыйынчылыктарга туш болууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: