Өзбекстандын жана Тажикстандын премьер-министрлери Абдулла Арипов менен Кохир Расулзода 24-апрелде Хожентте жолугушат. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары Шавкат Мирзиёевдин Тажикстанга боло турган расмий сапарына карата көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу сүйлөшөт. Июнь айына пландалган сапарды жогорку деңгээлде өткөрүү маселелерин талкуулап, кол коюла турган документтердин долбоорлорун карашат.
Тажикстан ТИМи билдиргендей, премьер-министрлерлер жолугушардан мурун, 21-апрелде Душанбеге Өзбекстандан атайын делегация келген. Алар соода-экономикалык, транспорт-коммуникациялык жана суу-энергетикалык тармактарда өз ара байланышты бекемдеп, өнөр жай жана айыл чарба багытында кызматташуу жолдорун иштеп чыгышууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ