Menu

Чүйдө эркек киши кызганычтын айынан аялын сабап, аны короодогу аңга көмүп салган

Бөлүшүү:

Чүй облусунун Панфилов районунда мас абалындагы эркек киши кызганычтан улам аялын сабап, короодогу аңга көмүп салган. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-апрелде Панфилов районунда 24 жаштагы жергиликтүү тургун кошунасы аялын аңга көмүп жатканына күбө болуп, милиция чакырган. Бул факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 35 жаштагы эркек киши мас абалында үйүнө келип, кызганычтын айынан 33 жаштагы аялын сабап, үйдүн короосуна сүйрөп барып, аңга түртүп, аны белине чейин көмүп салган. Муну көргөн кошунасы жардам чакырып келип, аял бошотулган.

Сурак учурунда эркек киши кылганын мойнуна алып, кызганычтын айынан ушундай жолго барганын, аялын коркутуп койгусу келгенин айткан. Керектүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иш-чаралары уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: