Menu

МКК: Биометрикалык паспортко документтерди кабыл алуу май айынын башында башталат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш чараларынын планынын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 3-майынан баштап жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду (е-ОГП) берүү үчүн документтерди кабыл ала баштайт. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Учурда жабдууларды орнотуу жана паспортторду басып чыгарууну тесттирлөө иштери жүрүп, программалык камсыздоону иштеп чыгуу аяктап жатат.

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому кабыл алынып, жарандык паспорттун Жобосу бекитилди.

2020-жылдын үлгүсүнүндөгү электрондук жалпы жарандык паспорттун баасы бекитилди:

• 50 барактык паспорт – 920 сом (банк комиссиясын эсепке албаганда);

• 34 барактан турган паспорт – 857 сом (банк комиссиясын эсепке албаганда).

Маалымат үчүн:

Жаңы муундагы паспортто электрондук чип орнотулуп, ичинде ээси жөнүндө маалыматтар, жеке маалыматтары, санарип фотосүрөт, эки колдун папиллярдык оймо-чиймелеринин графикалык түзүлүшү жана санарип кол тамгасын камтыйт.

Жаңы муундагы паспорт эки нускада чыгарылат: 50 барактан турган паспорттор чет өлкөлөргө көп чыккан жарандар үчүн жана 34 барактан турган кадимки паспорт.

Жаңы паспорттун дизайнынын концепциясы улуттук стилде иштелип чыккан. Документтин барактарында маданият жана тарых эстеликтери камтылып, Кыргызстандын аймактарынын  кооз жерлери чагылдырган. Паспорттогу ар бир өзгөчөлүк документтин коргоочу элемент болуп саналып, алардын саны 30дан ашат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: