Menu

Артем Новиков: “2021-жылдын 15-июнуна чейин Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар административдик жана башка жоопкерчиликсиз каттоого тура алышат”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын мигранттарынын Россия Федерациясынын аймагында жүрүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуунун жүрүшүндө россиялык тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россия Федерациясынын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдаган.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, биздин жарандарды депортациялоого байланыштуу тобокелдиктерди четтетүү максатында мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги менен биргеликте комплекстүү ишти жүргүзүүсү зарыл.

«Россиялык тарап эмгек мигранттарынын укугун чектөө боюнча эч кандай иш-аракеттерди жүргүзбөйт, бирок мигранттар өз кезегинде расмий абалын тастыктап коюусу зарыл. Аталган багыт боюнча иш-аракеттин так алгоритмин иштеп чыгуу керек», – деп белгиледи ал.

Ошондой эле Артем Новиков белгилегендей, мигранттар арасында маалыматтфык-түшүндүрүү иши күчтөндүрүлүшү керек.

«Жалпы диаспора өкүлдөрүн ишке тартуу керек. Ар бир мигрантка жеке статусун тастыктоосу зарыл экендигин жеткирүү зарыл», – деп жыйынтыктады биринчи вице-премьер-министр жана Россия Федерациясынын аймагындагы мигранттардын жүрүүсүн мыйзамдаштыруу процедурасы боюнча аракеттердин тыкыр Планын иштеп чыгууну, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн темир жол аркылуу байланышын жандандандыруу, каттамдардын санын жогорулатуу боюнча  жана башка бир катар тапшырмаларды берди.

Эскертип кетсек, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттарга административдик жоопкерчилик чараларынан тыш болуу максатында өзүнүн укуктук статусун жөнгө салуу талабы менен кайрылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: