Menu

Котормочу, акын Эрнис Асек уулунун эскерүү кечеси өтөт

Бөлүшүү:

Белгилүү журналист, котормочу, акын Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси 25-апрелде, саат 14:00до Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Бул тууралуу жакындары билдирди.

Алардын айтымында, эскерүү кечеси акындын өзүнүн сөзү менен “Өмүр менен өлүмдүн “жарк” дей түшкөн учкундары” деп аталган. Бул иш-чарада Эрнис Асек уулунун ырларын белгилүү саясатчы, артисттер көркөм окуйт. Акындын калемине таандык эки ырына жаралган обондун жана “Каалга” аттуу ыр китебинин бет ачары болот.

Эрнис Асек уулу айтылуу Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал “Асаба”, “Агым”, “Баягы Асаба” гезиттеринде башкы редактор болуп эмгектенген. Акыркы жылдары жалаӊ котормо менен алектенип калган. Орус жазуучусу Михаил Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын которгон, ал жарык көрүү алдында турат.

Маркум 49 жашында 2020-жылы 29-январда жүрөк оорудан көз жумган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: