Menu

БШК: Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды

Бөлүшүү:

2021-жылдын 11-апрелинде Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Көл шаарындагы шайлоочулардын саны 15669 адамды түзөт, алардын 6397си шайлоого катышты, бул 40,83%ды түзөт.

Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн Кара-Көл шаарынын аймагында 9 шайлоо участогу жана бир аймактык  шайлоо комиссиясы түзүлдү.

2021-жылдын 11-мартында Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен 7 саясий партиянын талапкерлеринин тизмелери катталды (бардыгы – 350 талапкер, анын ичинде 236 – эркек, 114 – аял).

2021-жылдын 15-апрелинде Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктады.

Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдун негизинде төмөнкүлөр аныкталды:

Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодо катталган 7 саясий партиянын 7 партиясы 7%дык тоскоолдуктан өттү:

  1. «Замандаш» – 21,26%;
  2. «Ата-Журт Кыргызстан» – 15,88%;
  3. «Энергетиктер» – 14,96%;
  4. «Бирге-Вместе» – 13,11%;
  5. «Ыйман Нуру» – 12,61%;
  6. «Мекен Ынтымагы» – 10%;
  7. «Ынтымак» – 9,02%.

Кара-Көл шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча мандаттар саясий партиялардын ортосунда төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  1. «Замандаш» – 7 мандат;
  2. «Ата-Журт Кыргызстан» – 5 мандат;
  3. «Энергетиктер» – 5 мандат;
  4. «Бирге-Вместе» – 4 мандат;
  5. «Ыйман Нуру» – 4 мандат;
  6. «Мекен Ынтымагы» – 3 мандат;
  7. «Ынтымак» – 3 мандат.

Шайлоону даярдоо мезгилинде КР БШКга “Ыйман Нуру” саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнөн Кара-Көл шаарынын мэри, депутаттыкка талапкер И. Еркеев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, ЖМК аркылуу “Ыйман Нуру” саясий партиясынан депутаттыкка башка талапкер тууралуу жалган маалымат таратууда деген даттануу 2021-жылдын 19-мартында кир. № 09-14/872 түшкөн. Чечим чыгаруу үчүн даттануу Кара-Көл АШКсына берилген. Кара-Көл АШКнын 2021-жылдын 23-мартындагы №5 чечими менен И. Еркеевге VI категориядагы айып пул (12500сом) салынды.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктуна ылайык КР БШК тийиштүү аймактын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт жана аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялоону жүзөгө ашырат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: