Menu

БШК Бишкек АШКнын Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясын шайлоодон четтетүү боюнча чечимин колдоду

Бөлүшүү:

БШК Бишкек АШКнын КЭДП партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана партияга берилген добуштарды жараксыз деп табуу жөнүндө чечимин колдоду.

БШКнын 11 мүчөсүнүн экөөсү гана – Кайрат Осмоналиев жана Акылбек Сариев – каршы добуш беришти. Алар Бишкек АШКнын чечимин шашылыш, акылга сыйбаган деп эсептешти.

КЭДП саясий партиясынын өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине каршы сотко даттана турганын билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы (КЭДП) Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон четтетилген. Чечим 18-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.

Эсиңиздерге сала кетсек, шайлоо күнү, 11-апрелде, Бишкекте шаардык кеңешке ат салышкан партиялардын биринин агитаторлору №1208 жана №1211 УШКлардын жанында шайлоочуларга акча тараткан деп шектелген. Күбөлөрдүн жана байкоочулардын айтымында, алардын унаасынын багажында добуш сатып алууга арналган акча табылган. Ал эми КЭДП партиясы эч качан добуш сатып алышпагандыгын, унаадан эч кандай акча табылбагандыгын айтышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: