Menu

Лейлекте кыргыз-тажик чек арасына жакын аймакта эки бала жоголуп, издөө иштери башталды

Бөлүшүү:

Баткен облусунун Лейлек районунда эки кыргызстандык жоголду. Бул тууралуу журналисттерге Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматтар боюнча, 18 жана 20 жаштагы эки жигит Лейлек районунун Эски-Оочу айылында цех куруп иштеп, ошол жакта чатырда жашашкан. Бүгүн эртең менен аларды туугандары жеринен табышкан эмес. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана чек арачылар издөө иштерин башташты. 

Социалдык тармактарда таркатылган видеотасмада, Лейлек районунда жоголгон эки жигитти уурдап кетишкени айтылууда.

“Бул жерде тажик чек арачылары бар. Бизди коргош үчүн биздин чек арачылар турсун деп сурангам. Биздин балдар цех куруп жатышкан эле. Алар түн ичинде жоголуп кетишти. Бут кийимдеринде жана жерде кандын тактары бар. Алардын кийимдери жана телефондору ушул жерде калган. Менин балдарыма жардам бергиле. Кубат менен Дастаным жок, бирөө алып кетип калган”, – деп ыйлап жардам сурады жоголгон балдардын биринин апасы..

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: