Menu

Талант Мамытов менен ПРООНдун Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен кызматташтыктын маселелерин талкуулашты

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы  Талант Мамытовдун демилгеси менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушуу болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Төрага  Кыргызстандын БУУнун Өнүктүрүү программасы менен кызматташтыгынын жакшы натыйжаларын белгилеп, ”Күчтүү жана инклюзивдик парламенттик демократия” долбоорун жана  Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин жакшыртууга  багытталган “КР Жогорку Кеңешин өнүктүрүү стратегиясын” ишке ашыруунун алкагында биргелешип  жасалып жаткан  иштерге жогору баа берди.

Өз кезегинде БУУнун Туруктуу өкүлү жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, уюмдун социалдык-экономикалык өнүгүү, саламаттыкты сактоо, жашыл экономика, санариптештирүү, гендердик теңдикти өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгү жана  Жогорку Кеңеш менен мындан аркы  кызматташтык  боюнча пландары тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле мыйзамдарды  КРнын жаңы Конституциясына  шайкеш келтирүү боюнча  алдыда жасала турган иштерге өзгөчө көңүл бурулду.

“Референдумдан кийин  “Кыргыз Республикасынын  Конституциясы жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору боюнча мыйзам чыгаруу органына  бардык ченемдик-укуктук нормаларды  Баш мыйзамга  шейкеш келтирүү жагынан  чоң жана олуттуу өлчөмдөгү иштер жүктөлүүдө”, – деп белгиледи Төрага.

Ушуга байланыштуу Талант Мамытов   Жогорку Кеңештин Аппаратынын  маалыматтык-техникалык  базасы начар абалда экендигин  айтып, 2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолор учурунда  парламенттин имаратындагы  инфратүзүм жана техникалык ресурстар  олуттуу зыянга учураганын белгиледи. Ал БУУнун Өнүктүрүү програмасын Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  маалыматтык-коммуникациялык ресурстарын  калыбына келтирүүгө  жардам берүү жагын  карап көрүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: