Menu

Ташиев: «Кемпир-Абадды» Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөндө эл менен жолугушкан учурда «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын билдирди.

«Куршаб элинин каалоосун четке кага албайбыз. Биз асмандан түшкөн эмеспиз. Элдин талабы – биз үчүн эң жогорку талап. «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. «Кемпир-Абадды» азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз. «Кемпир-Абад» боюнча айтып койойун. Мунун катасы 60 жыл мурда болгон», — деди Ташиев.

Ал маселе чечилгенин айтып, нааразы болгондорду тарап кетүүгө чакырды.

УКМК төрагасын жыйынга келгенде топтолгондор нааразы болгон кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алышты. Жыйын өткөн Куршаб айылындагы стадиондо милиция кызматкерлери да көп жүрдү.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы ​мөөнөтсүз акциясы беш күндөн бери уланып жатат. Алар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы экенин билдиришүүдө.

23-апрелде «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы митингге жүздөн ашуун киши чогулуп, «Суу сактагыч ээлеген жана анын жээгиндеги жерлер берилбесин» деп өкмөт өкүлдөрүнүн, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш күндүн ичинде келишин талап кылышкан.

Алар «Кемпир-Абадга» байланыштуу чечим чукул чыкканын айтышып, суу сактагычтын айланасындагы жер тилкесине байланыштуу протокол жокко чыгарылышы керектигин айтышкан.

Буга чейин Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары да жапырт акция өткөрүшкөн. Алар дагы суу сактагычтын жанындагы дөңсөөгө чогулуп, боз үй тигишкен.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен 19-апрелде жолугуп, ошол жерде айтылган талаптардан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан.

Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы март айында Өзбекстанда үч күндүк сапар менен болуп, чек ара боюнча эки тараптуу жыйындарга катышкан. Сапардан кийин, 26-мартта Ташиев маалымат жыйын куруп, кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: