Menu

Никол Пашинян парламенттик шайлоонун алдында отставкага кетти

Бөлүшүү:

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү кезексиз парламенттик шайлоого байланыштуу отставкага кетти. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» кайрылуусунда билдирди.

Арменияда парламенттик шайлоо 20-июнга белгиленген. Ага чейин Пашинян өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп иштейт. Ал шайлоодо «Жарандык келишим» партиясынан премьерликке талапкер болот.

Буга чейин Пашинян эгер жарандар шайлоодо анын командасын колдобой койсо, бийликти тапшырууга убада берген.

2020-жылы ноябрда Пашинян Азербайжан жана Орусиянын расмий өкүлдөрү менен чогуу Тоолуу Карабактагы элдешүү келишимине кол коёру менен Арменияда нааразылык акциялары башталган.

Ошондон бери оппозициялык партиялар Пашиняндын отставкасын талап кылып келатышат. Март айында ал мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болгон.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 9 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: