“Кемпир-Абад” суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болгон Өзгөн районунун тургундары нааразылык билдирип, мөөнөтсүз акцияга башташкан.
Кечээ, 25-апрелде жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгышты. Өзгөнгө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип, эл менен жолугушуу өткөрдү.
Ага чейин жергиликтүү тургундар айрым ММКлардын өкүлдөрү элдин үнүн коомчулукка жеткирбей турганын айтышты.
“Булар азыр мактагандарды, кол чапкандарды тартат. Урматтуу КТРК, ЭлТР, ОшТВ, Аймак телеканалдары, элге калп маалымат жеткизип жаткандар, “бийлик кыйратып жатат” дегендер, бул жакка келип элдин үнүн угуңуздар. Элдин көйгөйүн тарткыла, элдин үнүн элге жетсин”, – деди жергиликтүү тургун.
7-каналдын журналисти Акниет Кеңеш ар дайым эл үчүн иштеп келгенин айтты.
Бул маалда чогулган эл кыйкырып аны сүйлөтпөй, 7-каналды “дежурный” деп атап, журналистти кууп чыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ