Menu

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков: COVID-19га чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгы байкалган шаар жана аймактарда бардык күч-аракетти ишке киргизүү зарыл

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри  Артем Новиков Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйын алкагында өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, ооруканалардын дары-дармек каражаттары жана жабдуулар, медициналык кызматкерлер менен камсыздалышы боюнча актуалдуу маселелер, ошондой эле COVID-19 чалдыккан бейтаптар үчүн жаңы орундарды ачууга карай даярдыктар маселеси талкууланды.

«Республика боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы байкалууда. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы жумада өзгөрүлдү. Биз күнүнө COVID-19 чалдыккандардын саны 400 учурга жетип жаткан учурга кабылдык.

Өлкөдө аталган вирустун жаңы штаммдары катталууда. Баардык иш-аракеттер кайталоолорду четтетүү үчүн так координацияланышы кажет. COVID-19 кабылгандардын саны Бишкек шаарында байкалып жаткандыгын эске алуу менен, медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25 ке чейин жогорулатуу, кошумча Медициналык тез жардамдарды ишке киргизип, келерки жумадан тарта кошумча стационарларды ачуу зарыл», – деди биринчи вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Мусулмандар диний башкармалыгына намаз жана ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуу тууралуу маселени карап чыгуусун сунуштайт. Ошондой эле театр, кинотеатрлардын толтурулушу 50% ашпастыгын тыкыр көззөмөлдөө жана массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн чектөө зарыл. Бул чаралар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу зарыл болууда.

Артем Новиков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентинин Россия Федерациясына сапарынын жүрүшүндө жетишилген жогорку деңгээлдеги макулдашууларга ылайык, жооп кайтаруунун тийиштүү пландары кабыл алынып, өлкөгө «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы алынып келинди. Ошондой эле кытай вакцинасы менен вакцинациялоо жүрүүдө. COVID-19 алдын алууга жана тобокелдик тобундагыларды вакцинациялоого өзгөчө көңүл буруу керек. Абал күн сайын көзөмөлдө болушу керек.

Штаб жыйынынын соңунда COVID-19 кабылган бейтаптарды дарылоо жана оорунун алдын алуу боюнча алгоритмди, стационарлардын дары-дармектер, коргоо каражаттары жана кычкылтек берүү тутуму менен камсыздалышын мониторингдөө жана контролдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: