Menu

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын жаңы долбоорун Орусия колдоду

Бөлүшүү:

Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун көлөмү азайтылат. Мурда пландалган төрт ГЭСтин ордуна бирөө гана курулат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев “Эркин Европага” курган маегинде билдирди.

“ГЭСтин натыйжалуулугун көтөрүп, дизайнын өзгөртөлү деген сунушубузду Орусия жактырды. Сүйлөштүүлөр жүрүп жатат. Ушул тапта Орусиянын өкүлдөрү Бишкекке келди. Эми “РусГидронун” жетекчилерин күтүп жатабыз. Алар келсе келишимди жандандырып, долбоорду кайра иштетели деген оюбуз бар”, – деди министр.

2012-жылы Орусия каражаты менен башталган “Жогорку Нарын ГЭС каскадынын” курулушу 2016-жылы токтогон.

Ага Кыргызстандын “иш жылбай жатат” деген жүйөсүнүн негизинде келишимден бир тараптуу чыкканы себеп болгон.

Орусия бул долбоорго «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. 2020-жылы май айында Кыргызстандын Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.

Учурда бул объект “Электр станциялары” ишканасынын көзөмөлүндө.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: