Menu

Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасынын ээси Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул уурралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчысы өз сөзүндө белгилегендей, кыргыз эли оор жоготууга учурады.

«Биз заманыбыздын белгилүү залкар адамын жоготтук. Жакын арада эле ал киши менен сүйлөшүп, өз кеп-кеңешин айтып, тажрыйбасы менен бөлүштү эле. Б.Жакиевдин көп кырдуу таланты анын чыгармаларында жана котормолорунда көрүнүп турат. Бексултан Жакиев кылымдын драматургу болуп саналат. Ал өз артынан кинематографияда, драматургиядагы кайталангыс изин жана татыктуу шакирттерин калтырып кетти. Бексултан Жакиевдин жаркын элеси ар дайым эсибизде сакталат. Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан эл жазуучунун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», – деп белгиледи Улукбек Марипов.

Маалымдама: профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу, драматург, кинодраматург Бексултан Жакиев 2021-жылдын 25-апрелинде 85 жаш курагында дүйнө салган.

Бексултан Жакиев Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: