Menu

Изилдөө: Тажикстандын салык системасы жакырчылыкты көбөйтүүгө алып келет

Бөлүшүү:

Тажикстандын бюджеттик-салык саясаты «калк арасында жакырчылыктын жана теңсиздиктин көбөйүшүнө алып келет». Бул тууралуу АКШнын Луизиана штатындагы Эл аралык изилдөөлөрдүн Тулейн илимий-изилдөө институ жарыялаган баяндамада жазылган.

«Тажикстандагы бюджеттик-салык саясатынын жакырчылыкка жана теңсиздикке тийгизген таасири» деп аталган изилдөөнүн авторлорунун айтымында, туура салык саясаты тескерисинче, жакырчылык менен калктын түрдүү катмарларынын ортосундагы теңсиздикти азайтышы керек.

Commitment to Equity Assessment деп аталган атайын ыкма менен жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында изилдөөчүлөр Тажикстандын салык саясаты жакырчылыктын 5,12 пайыздык пунктка көбөйүшүнө алып келет деген жыйынтыкка келишкен.

Баяндамада мындан тышкары Тажикстанда салыктар «жакыр үй-бүлөлөр үчүн оор түйшүк экени» белгиленип, ошол эле маалда «калктын колунда бар катмары мүлкү жана капиталы үчүн тиешелүү салыктарды төлөбөй турганы» жазылган.

Изилдөөнүн автолору ошондой эле тажик өкмөтүнүн социалдык жардам көрсөтүү программасы жакырчылыкты азайта албай турганын, анткени бул максатта бөлүнүп жаткан мамлекеттик субсидия өтө аз экенин белгилешкен. Алар бул тармактагы абалды жакшыртуу үчүн тажик бийлигине төмөндөгүдөй сунуштарды беришкен:

– Социалдык колдоо программасын кайра иштеп чыгып, аны конкреттүү жана даректүү кылуу;

– Салык саясатын кайра карап чыгып, прогрессивдүү (байлар көбүрөөк, жакырлар азыраак салык төлөгөн) салык системасын киргизүү;

– Максаттуу чыгымдарга, анын ичинде даректүү социалдык жардамга мамлекеттик бюджеттен көбүрөөк каражат бөлүү.

Тажикстандын бийлиги бул иликтөө боюнча расмий түшүндүрмө берген жок. Бирок өлкөнүн Салык комитетинин аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери илиздөөнүн жыйынтыктары менен макул эмес экенин билдирди.

«Тажикстан акыркы жылдары жакырчылыкты азайтууда кыйла жакшы ийгиликтерге жетти. Акыркы 10 жылдын ичинде эле жакырчылыктын деңгээли 12% азайды», – деди ал.

Расмий маалыматтар боюнча Тажикстанда жакырчылыктын деңгээли 26,3% түзөт.

Тажикстандын салык системасы ишкерлерге өтө көп милдеттер жүктөлгөндүктөн, буга чейин да бир нече жолу айрым эл аралык уюмдардын сынына кабылган.

Бийлик учурда жаңы Салык кодекси иштелип чыгып жатканын, ал ишкерлердин бизнес менен алектенүүсүн кыйла жеңилдете турганын билдирүүдө.

Тажикстан эгемендүүлүк алгандан бери Салык кодексин үч жолу өзгөрткөн. Айрым экономисттердин пикиринде, өзгөртүүлөрдүн бири да бизнестин өнүгүшүнө жакшы шарттарды түзүп бере алган жок.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: