Menu

АКШ сенаторлору Ак үйдү Алишер Усмановго каршы санкция киргизүүгө чакырышты

Бөлүшүү:

АКШнын Хельсинки комиссиясынын жетекчилери президент Жо Байдендин администрациясын камактагы орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды колдоо боюнча активдүүрөөк аракеттерге барууга чакырган билдирүү жарыялашты.

Билдирүүдө башка чакырыктар менен катар Орусия президенти Владимир Путиндин айланасындагы ири ишкерлерге каршы санкцияларды киргизүү сунушу жана алардын аты-жөнү жазылган.

Хельсинки комиссия же Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча комиссия – ЕККУга (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму) мүчө өлкөлөрдөгү адам укуктарынын сакталышына көз салган өкмөттүк уюм. Анын курамына сенаторлор, Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү жана администрациянын аткаминерлери кирет.

Комиссиянын жетекчилери Навальныйдын саламаттыгы начарлап кеткендиги, анын уюмуна (Коррупцияга каршы күрөшүү фонду) репрессиянын күчөшү тууралуу билдирүүлөргө, ошондой эле 21-апрелде Орусиянын шаарларында өткөн митинг катышуучуларынын кармалышына көңүл бурушкан.

«Ууландырылгандан кийин Навальный кайра Орусиянын түрмөсүндө азап тартып жатат. Биз Владимир Путиндин айланасындагы Роман Абрамович, Алишер Усманов, Игорь Шувалов жана Николай Токарев өңдүү адамдарга санкция киргизүү тууралуу Навальныйдын сунушун карап көрүшүбүз керек», — деди сенатор Уикер.

Жогоруда аты-жөнү айтылган жарандардын баары Навальныйдын коррупцияга каршы иликтөөлөрүнүн каармандары болушкан. АКШ буга чейин оппозициялык саясатчынын куугунтукталып жатканына байланыштуу бир катар расмий адамдарга каршы санкция киргизген. Бирок ал тизмеге ишкерлер кошулган эмес.

АКШнын президенти Жо Байден буга чейин бир нече жолу орус бийлигин Навальныйды боштууга чакырып, ал саясий негиздер менен камакка алынганын билдирген.

Навальный абакка өзү ишенген дарыгерди киргизүүгө уруксат берүү талабы менен үч жумадан ашык ачкачылык кармаган. Өткөн жума күнү аны Жазаларды аткаруу системасына тиешеси жок дарыгерлер карап чыккандан кийин ал ачкачылыкты токтоткону белгилүү болгон.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: