Menu

Араванда алдамчылыкка шектелип УКТнын мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы алдамчылык фактысына шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, 2021-жылдын апрель айында Араван районунун тургуну ички иштер органдарына кайрылып, ачык түрдө алдамчылык фактысынын курмандыгы болгондугун айтып, алдамчылык жол менен зыян келтирген адамга чара көрүүнү суранган.

Маалым болгондой, 2019-жылдын аягында И.А. аттуу жаран жергиликтүү тургундун ишенимине кирип, алдоо жолу менен 150 миң сомдук каражатын ээлеп алган. Жабырлануучунун сөзүнө караганда, шектүү жаран алган акчасын ушул күнгө чейин кайтарып берген эмес жана такыр эле кайтарып бербөөсүн билдирген.

Аталган факты боюнча чогултулган материал КЖБРне катталып, Араван РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган. ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жогорудагы шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзө башташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ушул жылдын 5-апрелинде Араван районунун жашоочусу 1972-жылы туулган И.А. кармалган. Аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Азыркы учурда иликтөө иштери улантылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: