Menu

Өзгөндө 7-каналдын журналистин жыйындан кууп чыккан мөөнөтсүз акциянын катышуучулары суракка чакырылды

Бөлүшүү:

Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы чыккандардын акциясында журналистти жыйындан кууп чыккандар суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев тастыктады.

Анын айтымында, факт КЖБРге катталып, бейбаштык боюнча тергөө иштери башталган.

«Митинг учурунда бир нече адам журналистке кол салышты. Алардын медиа кызматкерге кол салып жаткан учурдун видеотасмасы бар. Арыз жок болсо дагы, бул факты боюнча териштирүү жүргүзүшүбүз керек. Ошондуктан, бир нече митингчилер суракка чакырылды», – деди Жеңишбек Аширбаев.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, мөөнөтсүз митингдин активдүү катышуучулары Өзгөн РИИБине суракка чакырылышты.

Белгилей кетсек, 25-апрелде Өзгөн районунда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин мөөнөтсүз митингдин катышуучулары менен жолугушуу болуп өткөн. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы чыккандар бийликти жактаган ММКлардын өкүлдөрүн элдин үнүн коомчулукка түз жеткирүүсүн талап кылышкан.

“Булар азыр мактагандарды, кол чапкандарды тартат. Урматтуу КТРК, ЭлТР, ОшТВ, Аймак телеканалдары, элге калп маалымат жеткизип жаткандар, “бийлик кыйратып жатат” дегендер, бул жакка келип элдин үнүн угуңуздар. Элдин көйгөйүн тарткыла, элдин үнүн элге жетсин”, – деген жергиликтүү тургун.

“Дайыма эл деп иштеп жүрөм” деген 7-каналдын журналистин акциянын катышуучулары жыйындан кууп чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: