Бүгүн, 26-апрелде Бишкек шаардык соту активист Тилекмат Кудайберген уулун үй камагына чыгарды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык соту Тилекмат Кудайберген уулунун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү.
Белгилей кетсек, жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренесине («Массалык баш аламандыктар») ылайык айып коюлган. Укук коргоо органдары анын “Фейсбуктагы” баракчасындагы билдирүүсүндө “бийликти кулатууга чакырыктар бар” деп тапкан жана активист 15-мартта камакка алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ