Menu

Самаркандда мектептер жана бала бакчалар карантинге жабылды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Самарканд шаарындагы бардык мектептер жана бала бакчалар 26-апрелден баштап 14 күнгө карантинге жабылганы кабарланды.

Шаар акимчилигинин басма сөз кызматынын ырасташынча, мындай чечимди Самарканд шаарынын чукул эпидемиологиялык комиссиясы бекиткен. Анын негизги себеби катары «соңку күндөрү шаарда коронавирус инфекциясы жайылган учурлар бир нече эсе көп катталганы» көрсөтүлдү.

Акимчиликтин билдирүүсүндө айтылгандай, 27-апрелден баштап бардык мектептер жана бала бакчалар эми онлайн форматына өтүшөт. Эгерде карантин маалында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу азайса, анда эки жумадан соң кайрадан салттуу окутууга өтүү чечими кабыл алынышы мүмкүн.

Буга чейин Өзбекстанда республика боюнча 243 мектеп аралыктан окууга өткөнү жарыяланган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: