Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту “Мадина” кафесинин ээси Хуфур Абдурахеманды өлтүргөн деп айыпталган төрт адамга өкүм чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.
Белгиленгендей, айыпталуучулар К.Э., Ш.У., Б.К. жана Д.В. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү”, “Адам уурдоо”, “Каракчылык” жана “Документти, мөөрдү же штампты уурдоо” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири 16 жылга кесилди.
Бардык айыпталуучулар өкүм күчүнө киргенге чейин Бишкектеги СИЗО-1де камакта болот.
Белгилей кетсек, ишкер Хуфур Абдурахеман 2019-жылдын 4-октябрында жоголуп, эки жумадан кийин сөөгү Нарын облусунун Кочкор районунан табылган. Милиция кылмышка шектүү катары төрт адамды кармаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ