Menu

Фото – Баткенде КРнын Улуттук Статистикасынын 95 жылдыгы белгиленди

Бөлүшүү:

Улуттук статистиканын 95 жылдык мааракесине арналган облустук иш чарага КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрлан Сапарбаев, район шаар башчылары, облустук статистика башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттын жүрүшүндө статистика тармагынын өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар кызматкерлер Улуттук статистика комитетинин, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сыйлыктары менен сыйланышты.

Эрлан Сапарбаев майрам ээлерин куттуктап, “Кыргызстандын Улуттук статистика системасы, статистикалык маалыматтар менен мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту үзгүлтүксүз камсыз кылып келесиздер. Коомчулук жана өлкө үчүн, экономикалык жана саясий чечимдерди кабыл алууда статистиканын ролу зор. Сиздердин ишиңиздер абдан маанилүү жана ардактуу” деп белгилеп, алдыда статистика тармагын заман талабына жараша өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: