Menu

Президент Жапаров кумарканалардын бардык аймактарда ачылуусун колдойт

Бөлүшүү:

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде «Пирамида» телеканалына түз эфирде маек куруп, акыркы учурда коомдо кызуу талкууланган айрым маселелер боюнча суроолорго жооп берди.

Маек учурунда ал Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган Ысык-Көлдө кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды колдой турганын, ага кошумча иретинде өлкөнүн аймактарынын борбор шаарларында жана Бишкекте кумарканаларды ачууга уруксат берүү сунушун киргизерин айтты.

«Мен президенттик аппаратка Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүнү айттым, өлкөнүн бардык жагында ачылсын, Бишкекте, облус борборлорундагы шаарларда ачылсын деп жатам. Казинолор 2015-жылга чейин иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойной алчу. Жаш балдар барып күнү-түнү ойногон учурлар болгон. Айрым депутаттар ошону шылтоо кылып, казинолордун ээлерин коркутуп-үркүтүп келген. “Бизге отметка кылгыла, баланча миллион доллар алып келгиле” дешкен, бирок кумаркана ээлери мамлекетке салык төлөп жатканын айтышып, макул болбогондо бир сап мыйзам менен иштөөсүн тыйып салышкан. Мен азыр Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт деп мыйзамга киргизгиле деп жатам. Бул чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат», – деди Жапаров.

22-апрелде Ысык-Көлдөгү «Тамчы» аэропортунун аймагына кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берген.

Кыргызстанда кумар оюндарына 2011-жылы мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: