Menu

Эмомали Рахмон: Тажикстанда азык-түлүк 13% кымбаттады

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти азык-түлүк товарлары акыркы жылдары кескин кымбаттап кеткенин билдирип, муну коронавирус пандемиясынын кесепеттери менен байланыштырды.

Өлкө жашоочулары бир жылдан ашык убакыттан бери ун, өсүмдүк майы, шекер, күйүүчү май сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү товарлардын кымбаттап жатканына арызданууда.

26-апрелде БУУнун Азия жана Тынч океан жээгиндеги мамлекеттер боюнча социалдык жана экономикалык комиссиясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөн Рахмон өз өлкөсүндө азык-түлүккө болгон баа 13 пайызга жогорулаганын айтты. Анын билдиришинче, азык-түлүккө кирбеген товарлардын наркы жыл башынан бери 5,8 пайызга, кызмат акылар 4 пайызга көтөрүлгөн.

Жашоочулардын көбү жумушсуздукка, айлык акынын төмөндүгүнө жана Орусия менен чек ара толук кандуу ачылбаганына даттанууда.

Рахмон пандемия учурунда 193 миң туруктуу жана сезондук жумуш орундары түзүлгөнүн, орто жана чакан ишканаларга салыктан, насыядан жеңилдиктер берилгенин белгиледи. Ал пенсия жана мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы 15% жогорулатылганын да кошумчалады.

Тажик президентинин айтымында, 2020-жылы ички дүн өнүм үч пайызга кыскарып, инфляциянын деңгээли 9,4 пайызга жеткен.

Андан мурдагы жылдары инфляциянын деңгээли 6-7 пайыз көрсөткүчтө сакталып турган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: