Menu

Навальныйдын кызы Адам укуктары боюнча Женева саммитинде сөз сүйлөйт

Бөлүшүү:

Камактагы орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын кызы Дарья быйыл 7-8-июнь күндөрү Женевада өтө турган адам укуктары боюнча саммитте сүйлөйт. Бул тууралуу маалымат саммиттин «Твиттердеги» баракчасына жарыяланды.

Февралда Алексей Навальный Адам укуктары боюнча Женева форумунун Эрдик сыйлыгын алган. Анда уюштуруучулар саясатчы «жакында эркиндикке чыгып, сыйлыкты өз колу менен алат» деп үмүттөнүп жатышканын билдиришкен. Эгер Навальный камактан чыкпай калса, сыйлык тапшыруу аземине анын үй-бүлө мүчөлөрү чакырылары айтылган.

Адам укуктары боюнча Женева форумун 25 бейөкмөт укук коргоо уюму өткөрүп келет. Быйылкы форумда Навальныйдын кызынан тышкары Беларуста президенттик кызматка талапкер болгон Светлана Тихановская да сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. Ошондой эле саммиттин ишине орусиялык оппозициячы, 2018-жылкы Эрдик сыйлыгынын лауреаты Владимир Кара-Мурза катышары кабарланууда.

Алексей Навальный Владимир облусунун Покров шаарындагы №2 абакта камакта отурат. 2-февралда ага 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген айып тагылып, 2,5 жылга эркинен ажыратылган. Ал тиешелүү деңгээлде медициналык жардам берилбей жатканына нааразылык катары 31-мартта ачкачылык жарыялап, аны 23-апрелде токтоткон. Бул аралыкта укук коргоочулар, бир катар өлкөлөрдүн башчылары, дүйнөгө белгилүү адамдар орус бийлигин Навальныйга медициналык жардам көрсөтүүгө чакырган билдирүүлөрдү жасашкан. 21-апрелде Орусиянын жана дүйнөнүн ондогон шаарларында саясатчыны колдогон нааразылык акциялар өткөн.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: