Menu

Кыргызстандык окуучулар Химия боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасында байгелүү орундарды ээлешти

Бөлүшүү:

2021-жылдын 20-26-апрелинде мектеп окуучуларынын Химия боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасы онлайн форматта болуп өттү. 55-ирет өтүп жаткан бул олимпиадага Кыргызстандын 4 окуучусу катышты. Бул тууралуу КР БИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында биздин окуучулар бир күмүш, бир коло медалга ээ болушту. Атап айтканда, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Мамбетов Камил күмүш медаль алса, Бишкек шаарындагы Е. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу Ондрина Надежда коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, олимпиадага мектеп окуучуларын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценттери Б. Боркоев, К. Салиева жана Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин химия мугалими М. Айтиевдер даярдап, команда мүчөлөрүнүн олимпиадага онлайн катышуусун камсыз кылышты.

Эске сала кетсек, Химия боюнча мектеп окуучуларынын Менделеев олимпиадасы ири эл аралык мелдеш болуп саналат. Ал 1967-жылы Химия боюнча бүткүл союздук олимпиада катары СССРде алгачкы ирет өткөрүлгөн. Олимпиада үчүн тапшырмаларды бүт дүйнө жүзүнөн алдыңкы окумуштуу-химиктерден турган эл аралык калыстар тобу түзөт.

2021-жылы олимпиада онлайн-форматта өткөрүлдү. Олимпиадага 25тен ашуун өлкөнүн командалары катышты. Алардын арасында Австрия, Венгрия, Латвия, Литва, Эстония, Словакия, Болгария, Сербия, Израиль, Беларусия, Македония, Сирия, Сауд Аравиясы, Армения, Грузия, Иран, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстандын мектеп окуучулары бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: