Menu

Президент Садыр Жапаров «Эскерүү багы» акциясынын алкагында Бишкектеги балдар үйүндө көчөт отургузду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-апрелде, Бишкек шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо адистештирилген борборуна (Балдар үйүнө) барып, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгына карата уюштурулган «Эскерүү багы» эл аралык акциясынын алкагында балдар үйүнүн аймагына көчөт отургузду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы мекеменин кызматкерлери менен биргеликте алма көчөттөрүн отургузуп, Улуу Жеңиштин бүткүл дүйнөлүк тарыхка тийгизген таасиринин өзгөчө маанисине токтолду.

Садыр Жапаров бүгүнкү акция урпактардын жаркын келечегине кам көрүү үчүн Жеңишке жетүүдө согуш талааларында курман болгон ата-бабаларга, тылдагы эмгекчилерге таазим этип, эскерүү максатында өтүп жатканын билдирди.

Аталардын жана чоң аталардын эрдиги, баатырдыгы кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталып каларын жана коомдо ар дайым ыйык тутулууга тийиш экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен кызматкерлерин жана өлкөнүн катардагы жарандарын бул акцияга катышууга, ата-бабалардын элесине таазим этип урматтоого, ошондой эле аймактарды жашылдандырууга өз салымдарын кошууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: