Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин 2021-жылдын 26-апрелиндеги буйругу менен Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп Карагулова Айдай Нурдиновна, Мамытов Замирбек Качкынович жана Асылкулов Искендер Эсенгельдиевич дайындалды.
27-апрелде дайындалган орун басарлар Салык кызматынын жамаатына тааныштырылды.
Алар мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ