Ак-Талаада Ала-Буга дарыясынан жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 26-апрелде ӨКМдин бөлүмүнө жергиликтүү тургундардан адамдын жансыз денесин көргөнүн билдиришкен. Кабыл алган маалымат боюнча Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 6 куткаруучу тартылып, сууга агып кеткен 1993-ж.т. М у. С. маркумдун жансыз денесин Ала-Буга дарыясынан коопсуз жайга алып чыгарылып туугандарына өткөрүп берилди.
Эскерте кетсек Баетов айылынын тургуну М у С. 2020-жылдын 27-декабрында Ала-Буга дарыясына балык кармоо учурунда сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгы 2020-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 6-январына чейин Ала-Буга жана Нарын дарыяларынын агымын жээктеп, болжол менен 10-11 чакырым аралыгын 10-15 куткаруучу издөө иштерине тартылган. Ошондой эле Ак-Талаа районундагы №15 ЖТИден дарыянын нугун бурууга 1 даана эксковатор тартылган.
Абанын температурасынын кескин төмөндөп, тоң кеткенге чейин издөө убактылуу токтотулган.
Издөө иштери 2021-жылдын 17-мартынан 20-мартына чейин Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу издөө иштерин улантып, дайынсыз болуп жаткан жаран табылган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ