Menu

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлүктөр үчүн кумар оюндары жөнүндө мыйзам долбоору боюнча кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуштайт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бардык тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн чет мамлекеттердин жарандарына өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарынын ишин жандандырууну караштырган «Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча ар кандай аянтчаларда кошумча кеңейтилген талкуу уюштурууну сунуш кылат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Эгерде коомчулук чет мамлекеттердин жарандары үчүн өлкөнүн айрым аймактарында кумар оюндарын калыбына келтирүү демилгесине караманча каршы болсо, анда Президент Садыр Жапаров өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган учурда вето коюуга даяр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: