Menu

Президент Садыр Жапаров Сабира Турсункулованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры жана эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин жубайы — Сабира Турсункулованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу, Б.Жакиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

«Сабира апанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кайрат айтуумду, колдоо сөздөрүмдү кабыл алыңыздар. Мындан бир нече күн мурун эле Бексултан Жакиевдин дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды уктук эле, эми Сабира апа менен коштошуп жатабыз.

Бексултан ата менен Сабира апа узак жана бактылуу өмүр сүрүшүп, балдарын татыктуу тарбиялап, дээрлик бир мезгилде түбөлүк жайга кетишти. Сабира апа өмүр бою маданият тармагында иштеген боорукер, адептүү жана кең пейил адам эле. Ал үй-бүлөсүндө эле эмес, достору менен кесиптештеринин арасында да татыктуу урмат-сыйга ээ болгон. Ошондой эле жолдошу Бексултан Жакиевди ар дайым колдоп келгендигин белгилеп кетпесек болбос. Орду толгус оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам! „, — деп белгилейт Президент Садыр Жапаров көңүл айтуусунда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: