Menu

Сот Матраимовдордун журналисттерге каршы териштирүүсүн токтотту

Бөлүшүү:

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн «Эркин Европа», «Клооп», «24.kg» медиаларына жана журналист Али Токтакуновго каршы доосу боюнча иш кыскартылды.

Мындай чечим кечээ 27-апрелде Бишкектин Свердлов райондук сотунда кабыл алынганын юрист Акмат Алагушев билдирди.

Анын айтымында, буга Матраимовдордун доо арыздан баш тартканы себеп болду:

«Бүттү, жабылды деп айтсак болот. Эч ким арыздана албайт. Кийин бул маселе боюнча башынан доо арыз берүүгө мүмкүнчүлүк жок».

Матраимовдор доосунан баш тартканы 23-апрелде белгилүү болгон.

2019-2020-жылдары «Эркин Европа» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы бажы тармагындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөрдүн сериясын жарыялаган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Матраимовдор соттон журналисттерден жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Быйыл Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айыппул чегерген. УКМК бул иш боюнча тергөө жүргүзгөндө Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Матраимов айыптуу экенин өзү сотто моюнуна алган.

УКМК Матраимовго карата кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча да иш козгоп, быйыл 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: