Menu

УКМК: «Кадастр» МИ Сузактагы филиалынын башчысы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалды

Бөлүшүү:

26-апрелде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларды жок кылуу
боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жетекчилиги «С.З.Т.» тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысыны аныкталып ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2019-жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундарына жасалма буйруктардын негизинде турак-жай куруу үчүн жер тилкелери трансформациясыз берилген. Буга карабастан “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык кызыкчылыктарды ишке ашыруу максатында, жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен.

Материалдар сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын башчысы «С.З.Т.» Джалал-Абад шаардык ШИББ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга карабастан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын жооптуу кызматкерлери жеке материалдык жыргалчылыктарды алуу максатында, жеке менчик укугуна күбөлүк беришкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: