Menu

Фото – Лейлек аймактык ооруканасынын Психонаркология бөлүмүнө облус башчысы каражат бөлдү

Бөлүшүү:

КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Лейлек аймактык ооруканасынын Психонаркология бөлүмүнө резервдик фондунан 140миң сом каражат бөлдү. Алдыда аталган мекемени  оңдоп түзөө жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ал үчүн Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, Исфана шаардык мэриясы жана Сүлүктү шаардык мэриясы да материалдык  жардам көрсөтүүдө. 

Ошондой эле КРнын милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгы жана Лейлек аймактык ооруканасы тарабынан сентябрь айына, оорукананын чатыры алмаштырылып, жылытуу системасын куруу чечими кабыл алынды.

Аны менен катар оорукананын кадр маселесин чечүү аракеттери да көрүлүүдө.

Аталган имаратты капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү же кайра куруу боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Эгер комиссия  имараттын абалы капиталдык оңдоп түзөөгө болот деген чечим берсе, анда оңдоп түзөөдөн   өткөрүлөт, же болбосо  КРнын Өкмөтүнүн капиталдык салымдар беренесине киргизүү, алдыдагы жылдарда курулуучу капиталдык курулуштардын титулдук тизмесине кошуу боюнча сунуш берет. 

Ал эми Булак-Башы орто мектебинин авариялык абалдагы эски имараты жабылып, окуучулар мектептин чоң корпусуна көчүрүлдү. Алдыда мектептин жаңы имаратын куруу сунушталат. 

Белгилей кетсек буга чейин ММКда, социалдык тармактарда чагылдырылган Лейлек аймактык ооруканасынын Психонаркология бөлүмүнүн жана Булак-Башы орто мектебинин абалын, облус жетекчиси  көзөмөлүнө алган. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: