Menu

Ализа Солтонбекова: “COVID-19 пандемиясы эмдөөнүн маанилүүлүгүн көрсөттү жана биз колубуздагы вакциналардын потенциалын толук колдонушубуз керек”

Бөлүшүү:

«Эмденүү менен биз өзүбүздү жана үй-бүлөбүздү гана коргобостон, коопсуз коомго жана баардыгыбыздын ден-соолугубуздун чың болушуна салым кошобуз”, – деди Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Калыс-Ордо жаңы конушундагы №13 ҮМБга барган учурда.

Анын айтымында, өлкөдө жыл сайын өтө турган Европалык эмдөө жумалыгы башталды. Анын алкагында оорулардын алдын алуу жана беш жашка чейинки балдарды коргоо үчүн эмдөөлөр жүргүзүлүүдө, жана “пандемияны жоюуга” жардам берүүчү куралы катары COVID-19га каршы эмдөөгө өзгөчө көңүл бурулууда.

«COVID-19 пандемиясы эмдөөнүн маанилүүлүгүн көрсөттү жана биз колубуздагы вакциналардын потенциалын толук колдонушубуз керек”, – дейт А. Солтонбекова.

Андан тышкары ал балдарды эмдөө улуттук эмдөө графигине ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи. Анын негизинде ар бир ата-эне баласын эң коркунучтуу жугуштуу оорулардан коргой аларын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: