Menu

Лейлекте оор баңгизаттарды транзиттөөчү эл аралык канал аныкталып, ага бөгөт коюлду

Бөлүшүү:

Оор баңгизаттарды транзиттөөчү эл аралык канал аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын кызматкерлери оор баңгизаттардын түрлөрүн транизиттөөчүү каналды аныктоо жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү. Аталган операциянын жыйынтыгында жогорку концентраттагы афган героининин партиясы алынган.

Буга чейин ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине болжол менен 30-35 жаш чамаларындагы азият түспөлүндөгү жаран Тажикстандан Казакстанга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 20-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстан Республикасынын жараны,  эл аралык баңги топтун активдүү мүчөсү  1985-жылы туулган Х.М. баңгизаттарды сатуу учурунда кармалган. Аталган иш-чараны жүргүзүү учурунда кызматкерлер сатууга дайындалган афган баңгизатынын партиясынын бардыгын табышкан.

Соттук-химиялык экспертизалык изилдөөнүн корутундусунун негизинде табылып алынган зат 2 килограммды түзгөн Афганистанда  өндүрүлгөн «героин» баңгизаты  деп аныкталган.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: