Menu

Байболот Абытов, профессор: “Олуттуу жарлыктын омоктуу мааниси “

Бөлүшүү:

Эмне үчүн Президентибиз 2021-жылдын 29-январында №1 «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койду? Кандай жүйөлүү себептер аталган жарлыкты пайда кылды? Эмне үчүн  мурда бул багыттагы идеологиялык иш-аракеттер, жоболор, буйруктар, концепциялар натыйжа берген жок? Кайсы олуттуу себептерден улам, жаңы саясий, социалдык-экономикалык кырдаалда, жаңы шайланган Президентибиз өз бийлигинин, тарыхынын жаңы барагын дал ушул №1 Жарлык менен ачты?

Баарыбызга  маалым  азыр дүйнө болуп көрбөгөндөй тездик менен өзгөрүп жатат. Бүгүнкү глобалдык ааламдашуу жараянынын алкагындагы дүйнөдөгү көптөгөн, айрыкча чакан мамлекеттердин учурдагы улуттук да, мамлекеттик да маанилүү маселелеринин бири – өз руханий баалуулуктарын сактоо, ата-бабалардын рухий мурастарын улантуу болуп калганы шексиз. Азыркы жашап жаткан мезгил, мурда болуп көрбөгөндөй укмуштуу мүмкүнчүлүктөрдүн, өнүккөн жаңы технологиялардын, акчанын, байлык, бийликтин жогорку чекте гүлдөп жаткан өнүгүүнүн да, ага жараша толуп жаткан карама-каршылыктын да мезгили. Чындап эле байкап көрсөк, дүйнө бир тарабынан ар түрдүү өнүгүү жараянына кириптер болуп жатса, бир тарабынан кескин аксап, ар түрдүү тетири жагдайларга дуушар болуп жатат. Айрыкча глобалдуу ааламдашуу жараянын алкагында руханий баалуулуктар,  адеп-ахлак, ыйман, адамдардын ички жеке мүнөзгө таандык рухий байлыктарынын күндөн күнгө тайыздап, азайып баратышы менен жалпы коомчулук аксоодо. Азыркы эң олуттуу коркунучтардын бири  болуп биздин руханий баалуулуктардан ажырай турган абалыбыз болуп калды.  Эгер бул тагдырга туш болсок, биз биротоло  туңгуюк кабылаарыбыз белгилүү болуп калды. Азыркы ааламдашуу жараяны, адамзаттын адамдык касиеттеринин кескин  төмөндөшүнө да алып келип жатканы жашыруун эмес. Дал ошол ааламдашуунун алкагындагы өзгөрүүлөр, кыргыз коомчулугунун жалпы өнүгүүсүнө да бир катар терс  таасирин тийгизип, коомубузга, ата салтына, руханий мурастарыбызга,адеп-ахлагыбызга жат көрүнүштөр көбүрөөк орун алып жатканы көпчүлүктүн тынчын алууда. Ошондуктан азыркы Президентибиз жогоруда аталган 2021-жылдын №1 Жарлыгын жарыялап олтурганы да мезгил талабына шайкеш болду.

Менимче бул жарлык 21 кылымдын 21 жылында, ар бир кыргыз жаранын ойлонтуп, ойготуп, келечек үчүн артына карап саресеп салып, болгон, болбогон иштерге, жетишпеген максаттарга маани берип, тыянак кылууга милдеттендирген, келечек жоопкерчилигин алууга, ага шарт түзүүгө багытталган бир катар олуттуу, омоктуу, келечекке ишенимдүү кадам таштоого шарт түзө ала турган, комплекстүү ынанымдуу максаттарды камтыйт жана көздөйт. Мен Жарлыкты бир нече багытта карап, ынанып жатам. Алар:

  • Улуттук руханий дөөлөттөрүбүздү кайра жаратуу (ренессанс) жана байытуу. Бүгүнкү күндөгү ааламдашуу жараянынын алкагында, улуттук баалуулуктардан  улуттук эмес баалуулуктар үстөмдүк кылып жаткан шарттарда, жыл сайын эмес, күн сайын өзгөрүп жаткан элибиздин адеп-ахлагын, руханий баалуулуктарын байыртадан бери бабалардан калган, улуттук өзгөчөлүгү, терең жана кенен таалим-тарбиябыздын, нарк-насилибиздин, руханий дөөлөттөрүбүздүн нугунда кайрадан жандандырып, бүгүнкү күндүн шартына ылайык, жаңы маани-маңыз менен толукталаган улуттук руханий мурастарыбызды, адеп-ахлахыбызды, ыйман, таалим-тарбиябызды мындан ары жаңы маани-маңыз менен толуктап, өнүктүрүүгө багытталган жарлык.

Баарыбызга маалым болгондой, кандай гана коом болбосун ошол коомдун руханий өнүгүүсү, даражасы жана дарамети, ар убак анын адептик жана рухий, ыймандык паам-парасатынын деңгээли, даражасы менен өлчөнүп келген жана өлчөнө берет. Ар бир адам, инсан  акылын, руханий дүйнөсүн, татыктуу билимин, адеп-ахлагын, ыйманын өнүктүрбөй туруп, мезгил талабына шайкеш, ар тараптуу өнүккөн инсан боло албайт. Азыркы кыргыз коомчулугу, мамлекети руханий жана социалдык-экономикалык жактан жарды, элибиз ашкере саясатташкан, саясий, социалдык,экономикалык, маданий жана адеп-ахлак кризисине баткан мезгил. Турмуш тастыктагандай руханий дөөлөтү, азыгы жарды, дүйнөсү тар, бирок материалдык жактан бай адам коомго пайдадан да көбүрөөк, чоң зыян, коркунуч алып келиши толук мүмкүн. 

Мамлекеттик, улуттук  деңгээлде бул абдан олуттуу жана кооптуу маселе.  Ошондуктан, бул маанилүү маселе ар бир үй-бүлөдөн, ар бир адамдан, калыптанган жеке инсандан тартып мамлекеттик деңгээлде баардык бийлик бутактарынын көңүл борборунда болууга тийиш. Тилекке каршы акыркы жылдары бул маселе кол учунда болуп, жакшы көңүл бурулбай калып, азыркы абалга жеттик. Ошондуктан Президент С.Н.Жапаров бул жарлыктын маани-маңызына терең баа берип, жаңы сапатта №1-Жарлык деп жарыялабаса керек. Демек бул таризде, бүгүнкү кыргыз коомчулугу буга муктаж.

  • Идеологиялык таризде колодонууга абдан маанилүү жарлык. Быйыл көз карандысыздыгыбызга 30 жыл толот. Биринчиси, бул мезгилде бирин-бири алмаштырган 5 Президентибиздин бири да улуттук руханий, адеп-ахлахыбызды, таалим-тарбиябызга мынчалык, улуттук, мамлекеттик деңгээлде азыркы Президентибиздей көңүл булган эмес. Ооба, 2016-жыл  “Тарых жана маданият жылы”, 2017-жыл  “Ыйман, адеп жана маданият  жылы” деп жарыяланган. Тарых  жаатында бир топ алгылыктуу иштер болгонсуду, бирок маданият, ыйман, адеп жаатында, кандайдыр бир олуттуу өзгөрүүлөр болгон жок. Бул кашкайган чындык.  Белгилей кетчү жагдай, ошол жылдары чындап эле айыл өкмөттөрдөн баштап борбордук бийлик органдарынын кеңселеринде, балдар бакчаларынан баштап жогорку окуу жайларынын, академиялык институттардын имараттарындагы көрнөк-жарнактар, абдан сонун жасалгаланып, маани-маңыздуу баннерлер менен алмаштырылды. Бирок, эки жыл ошондой аталганы менен элдин, коомдун маданияты, ыйманы, адеп-ахлагы, таалим-тарбиясы эч канча өзгөргөн жок. Жаңы Президентибиздин да №1 Жарлыгы да мурункулардай болуп кагаз түрүндө калып, мурдагы жарлыктардын тагдыры күтпөсө экен деген тынчсыздануу бар. Экинчиси, мурдагы жетекчилер, ар жолку комиссиялардын баардыгы улуттук, мамлекеттик идеологияны, анын баалуулуктарын  башка жактан издешип, анын башаты ар бир инсандын аң сезиминен, үй-бүлөдөгү, мектептеги, окуу жайдагы, коомдогу таалим-тарбиядан башталаарына маани беришкен эмес. Ошол өткөн 30 арасында түзүлүп, бирок максатына жетпеген 3-4 жолку улуттук, мамлекеттик идеология боюнча түзүлгөн ар түрдүү комиссиялардын натыйжасыз иштерин оңдоого, улуттук, мамлекеттик  идеологияны ошол идеология дегенди толук түшүнбөгөн комиссиялардын ордуна, ар бир адам, инсан, атуул өзүнөн, өз үй-бүлөөсүнөн, элинин руханий дөөлөтүнөн, адеп-ахлактын туура калыптанышынан, тарбия-таалимдин  улуттук баалуулуктарынан, идеологиялык негиздер менен байытылышынан баштоо керек экендигин, андай кадамдар коомдогу негизги максат экендигин аталган Жарлык айгинелеп турат.
  • Конституциялык өнүгүүгө негиз салып, руханий мурастарыбызды кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн кенен жана терең колдонууга, пайдаланууга багыт берген Жарлык. Менин баамымда жакында бүткүл элдик референдумда кабыл алынган  жаңы Конституциябыздын долбоорунун Преамбуласында, 1-бөлүмүнүн 3-бапында жана кээ бир тиешелүү беренелеринде камтылгандай элибиздин, мамлекетибиздин  келечеги, ата-бабабыздын нарк-салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта, табият менен таттуу мамиледе жашоону улап,  мамлекеттүүлүгүбүздү,  жалпы адамзаттык принциптерди жана баалуулуктарды сактоо жана чындоо, улууларды урматтап,  кичүүлөрдү ызааттап, кыргыз элинин ыйык салтын бекем тутуп, бакубатчылыкка, билимге, руханий өнүгүүгө умтулуу максатын  көздөп жатабыз. Демек, Президентибиздин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү» Жарлыгы мезгил, кыргыз элинин азыркы руханий абалынын, адеп-ахлагынын, нарк-насилинин, таалим-тарбиясынын алсыздыгын, тайыздыгын, көп жагынын унутулуп бара жатканын абдан туура баамдап, өз убагында көтөрүлгөн маселе экени байкалып турат.
  • Бүгүнкү кыргыз коомчулугунун турмушунда  инсандардын руханий дүйнөсүнүн тайыздыгы, адеп-ахлактын өсүктүгү, таалим тарбиясынын жетишсиздиги биздин коомдо орун алган саясий да, социалдык-экономикалык да, маданий да көйгөйлөрдү жаратып келгени эч кимге жашыруун эмес. Баарыңыздар ММК байкап жаткандай, кайсынысын ачсан эле коомубуздун баардык жаатында улуу-кичүү, аял-эркек, жаш кыз, бала дебей тескери таасирин тийгизген жат көрүнүштөр орун алууда. Ар түрдүү укук бузуулардын, зордук-зомбулук, айрыкча секелек кыздарга, өспүрүмдөргө карата жосунсуз жоруктар, кылмыштар, уурулук, алдамчылык, кыргыз жигиттеринин арасындагы кумсалык, кыз-келиндердин жеңил ойлуулугу, бабалардын салттуу турмушуна таптакыр жат көрүнүштөрдүн орун алышы, жаштар эле эмес улуу муундагылардын мындай маселелерге кайдыгерлиги,  руханий дөөлөттөргө ыймандык, адептик жүрүм-турумга кенебес, текебер мамиле жасоосунун улам өөрчүп бара жатышы, кыргыз коомчулугундагы руханий, адептик-ахлактык, ыймандык, тарбиялык кризистин тереңдеп бараткандыгын турмушубуз далилдеп койду. Демек, бул таризде карганда да аталган Жарлык маанилүү жана керектүү документ экени шексиз.

Мына жакында КР ББИМ Президенттин аталган жарлыгын турмушка ашыруу максатында “Окуучу жаштарды руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо концепциясынын” долбоорун талкууга койду. Анда улуттук тарбиянын идеалы жана анын негизги баалуулуктары, учурдагы руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн негизги багыттары, максаттары, милдеттери жана мазмуну, руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүүнүн методологиялык негиздери жана принциптери, өсүп келе жаткан муундар үчүн дене тарбиянын максаты жана негизги баалуулуктары, жалпы орто, башталгыч, атайын орто жана жогорку жайларында өткөрүлүүчү дене тарбия сабактарынын программаларын, окуучунун физикалык даярдык деңгээлин баалоо нормаларын жана талаптарын мезгилдин талаптарына шайкеш, илимий-практикалык тыянактардын  негизинде кайрадан иштеп чыгуу милдеттери камтылган. Менимче аталган концепция негизинен мектеп окуучуларына багытталып, калган окуу жайлардын окуучулары, студенттери, магистранттары камтылбай калган. Ошондуктан азыр талкууга коюлган бул концепцияны кеңейтип, жалпы улуттук концепцияга айландырууну сунуш кылат элем.

Албетте бул концепциянын жаралышы, талкуга коюлушу жакшы корүнүш, ал үчүн министрликке ыраазычылык айтабыз. Эмки милдет ошол концепциядагы максаттар толук болбосо да, жок дегенде 80% турмушка ашса кыргыз коомчулугу утаары талашсыз. Эгерде мурдагы концепциялардай эле кагаз түрүндө калып кетсе анда биз кыргыз коомчулугу чоң утулушта калабыз.   Ошондуктан эми ар бир мектеп, окуу жай эле эмес, баардык аткаруу бийликтеринин бутактары, ишканалар Президенттин жарлыгынын алкагында натыйжалуу, иштей турган, маани-маңызы кенен жана терең иш чараларды турмушка ашыруусу милдет. Биринчи иретте аталган иштерди ар бир үй-бүлөдө баштоо керек экенин баса белгилейбиз. Эмки аракет, жарлык кагаз түрүндө эле калып, ишке ашпай калуусунан этият болуубуз керек. 

Андыктан учурдагы кыргыз коомчулугунун, ар бир үй-бүлөнүн көңүл чордонунда жеке инсандын ички дүйнөсүн байытуу, руханий дөөлөттөрүн кеңейтүү, адеп-ахлактык, ыймандык өнүгүүсүн, татыктуу  таалим-тарбиясын камсыз кылуу, айрыкча жаштардын  дене тарбиясын өркүндөтүү, адамдарды таза, бекем ден-соолукта жашоого үндөө жана камсыз кылуу болуусу керек. 

Жарлыкты турмушка ашыруу боюнча биздин сунуштар:

  • Күн тартибине коюлуп жаткан кыргыз мамлекетинин инсандарын руха-ний, адеп-ахлактык өнүктүрүү, байытуу жана дене тарбиясын өркүндөтүү маселелери өлкөнү туташ саясий, социалдык-экономикалык, маданий, руханий кризистен алып чыгууга багытталган, улуттук, мамлекеттик идеологияны түптөөгө, бир жагынан негиз болгон көз караштартарды калыптаган, жаңы улуттук стратегиялык кадам катары кароо керек.
  1. Жарлык толук турмушка ашыш үчүн ар бир инсандын руханий баалуулуктарынын башаты үй-бүлөдөн башталаарын, жер-жерлердеги ата-энелер комитеттеринде, коомдо, айыл өкмөттөрүндө, мектептерде, окуу жайларда кенен жана терең түшүндүрүү милдет. Керек болсо, ушул Жарлыктын маани-маңызын, максатарын кеңири түшүндүрүү таризинде атайын топторду түзүп, элге, ар бир иснанга, үй-бүлөөгө, жаштарга терең түшүндүрүү керек. Мындай кадамдар элибиздин аң сезимин ойготууга шарт түзөт. 
  2. Улуттук руханий, адептик баалуулуктарды колдонуу менен ар бир инсанды, айрыкча жаштардын дене тарбиясын өкүндөтүп, аларды бекем ден-соолукта, сергек жашоого үндөө жана ошого жетишүү ар бир инсандын милдети болуусу керек. 
  3. Азыркы маалымат технологияларынын баардык мүмкүнчүлүктөрүн кеңири прайдаланып, учурдагы кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн улуттук руханий баалуулуктарыбызды, ата-бабалардан калган мурастарыбызды, адеп-ахлахыбызды, ыймандуулугубузду, таалим-тарбиябызды кеңири жайылтуу максатында ар  түрдүү ММК катарында радио, телевидение, кинематография ж.б.башка формаларын колдонуу менен көркөм өнөрдүн алып жүрүүчүлөр аркылуу, заманбап тарбиялык маанидеги маалыматтарды – ролик, кыска метраждуу тасма, насыят катары, элге кеңири тартуулоо керек. 

Абытов Б.К. тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин илим жана эл аралык байланыштар  боюнча проректору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: