Menu

УКМК: Кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча, “Унаа” МККнын аймактык секторунун башчысы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурду

Бөлүшүү:

Мурда маалымдалгандай, 2021-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүшкө катталган материалдын алкагында, Абхазия Республикасынан айдалып келип бажы декларациясынан өтпөгөн кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоонун коррупциялык схемасы аныкталып ал ишке бөгөт коюлган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, болжол менен Россия Федерациясынан транзиттик каттоо документтеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген эки «Лексус GX» унаасы катталгандыгы аныкталган, мындан улам, мамлекетке бажы алымдарын төлөөдөн 3 миллион сомдон ашык өлчөмдөгү чыгым түрүндө зыян келтирилген.

КР УКМК жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын “Унаа” мамлекеттик мекемесинин регионалдык сектор башчысы “ОМА” тарабынан кымбат баалуу автоунааларды мыйзамсыз каттоодон өткөргөндүгү үчүн мамлекеттин пайдасына 3 миллион сомдон ашык суммадагы зыяндын орду толтурулду.

Келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу O.M.A үй камагына чыгаруу туралуу баш коргоо чарасы өзгөртүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: