Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишинин бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин эске алып, кыргызстандык жоокерлердин улуу эрдигине терең сый-урмат көрсөтүү менен таазим этип, ардагерлерге Ата Мекенди коргоодогу эрдиги жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирүү иретинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.
Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү иретинде 70 миң сомдон бөлүндү.
2021-жылдын 1-апрелине карата маалымат боюнча Кыргыз Республикасында Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ