Menu

КР премьер-министри ЕРӨБ аймактык директору менен эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) аймактык директору Нил Маккейн менен эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы финансы институтуна республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирип, ар-бир ишке ашырылып жаткан долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен эки тараптуу кызматташуусу орногон учурдан тарта биргелешип иш алып баруудагы оңдуу тажрыйбасы бар. Банктын учурдагы портфели абдан көлөмдүү, анын суммасы – 330 млн АКШ долларынан ашуун жана 44 долбоор ишке ашырылууда. Биз үчүн сиздер тараптан атамекендик ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан колдооңуздар баалуу. Бул биздин кызматташтыгыбыздын чеги болуп саналбайт. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз сиздердин мүмкүнчүлүгүңүздөрдү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономикалык абалды турукташтырууга багытталган программаларын интеграциялай алабыз», – деди Премьер-министр.

Нил Маккейн өз кезегинде банктын иши жана артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде реформаларды жүргүзүүдө көмөк көрсөтүүсү тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир катар шаарлардагы транспорт жана жол инфраструктурасы тармагындагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, суу менен камсыздоо жана ирригация тутумдарын реабилитациялоо маселесин талкуулады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: